Теке 09, 2025
Убакыт: 01:45
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.110
1.135

Өлкөдө бир суткада 5 медиктен коронавирус аныкталып, 14 ак халатчан айыгып чыкты

14.09.2020 11:34
976
Өлкөдө бир суткада 5 медиктен коронавирус аныкталып, 14 ак халатчан айыгып чыкты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 14-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Жаңы учурлар: 


- Баткен облусунда – 4

- Ысык-Көл облусунда – 1


Ал эми бир суткада ооруканалардан 5 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3172 учур катталды, алардын ичинен 2699 медкызматкер айыгып чыкты. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн