Бугу 07, 2025
Убакыт: 19:04
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, - Боронов

14.07.2020 15:28
1033
Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, - Боронов


Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, ооруканага кайрылган жарандардын саны көбөйүүдө жана күн сайын адамдар каза болууда. 


"14-июлга карата жалпы 11538 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 3561 адам айыкса, 4642 адам дарыланууну улантууда. Ал эми 3186 адам үй шартыда дарыланууда. Тилекке каршы, 149 адам коронавирустан каза болду", - деди өкмөт башчы. 


Ал эми пневмонияга кабылган 4596 адам дарылануудан өтүп жатат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн