Бугу 12, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Өлкөнүн ашууларында кар жаап, туман түштү. "Кыргызавтожол" жолдордогу абал тууралуу маалымат берди

23.10.2023 13:06
234
Өлкөнүн ашууларында кар жаап, туман түштү. "Кыргызавтожол" жолдордогу абал тууралуу маалымат берди


"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы өлкөнүн ашууларындагы жолдордун абалы тууралуу маалымат берди.

Ишкананын маалыматына ылайык, учурда Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, жол ачык. №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан күзөт бар. Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда кар аралашкан жамгыр жаап жатат. №23 ЖТИ кызматкерлери жеринде көзөмөлгө алышууда.

Ошондой эле Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык. №36 ЖТИ тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Ал эми Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда учурда суу кар жаап жатат. Унаа жол ачык, №41 ЖТИ жеринде иш алып барууда.

Ысык-Көл районундагы Сөөк ашуусунда шамал болуп жатат. Учурда ашуу ачык, каттам бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн