Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 22:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов толук акталды

13.04.2021 16:36
987
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов толук акталды



Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов соттун чечими менен толук акталды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-апрелде чыгарды.


Бүгүн райондук сотто Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата жазык иши каралды.


Иш боюнча жарыш сөздүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Текебаев менен Чотоновго карата алардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, айыптоону колдоодон баш тартышты.


Өмүрбек Текебаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, депутаттык мандатын кайтарып алуу боюнча сотко кайрыларын айтты.


«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов Орусиянын жараны Леонид Маевскийден «MegaCom» мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү максатында 1 млн доллар алган деген шек менен кармалган.


Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн