"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгына талапкерлердин табыштамаларын кабыл алуу башталды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынакка 2023-жылда тартылган бардык жанрдагы фильмдер катыша алат. Сыйлык тапшыруу салтанаттуу аземи Бишкек шаарында 17-майда өтөт.
"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы – өткөн жылдын жыйынтыгы менен кинематографиянын мыкты адистерин сыйлаган жыл сайын болуучу иш-чара. Ал улуттук кинематография кызматкерлеринин эмгегин жана жетишкендиктерин даңазалоо, өлкөнүн кино тармагынын өнүгүүсүнө түрткү жасоо максатында өткөрүлөт.
Аталган улуттук кино сыйлык 2012-жылы бараандуу кинематографисттердин тобу тарабынан негизделген. Кыргызстандагы кино тармагындагы жетишкендиктер үчүн ыйгарылган алгачкы сыйлык.
Иш-чара Кыргызстан кинематографисттер уюмунун, "Айтыш" коомдук фондунун, Кинематография департаментинин, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп келет. 2019-жылы киносыйлыкты жыл сайын откоруу максатында "Борбордук Азиянын кинематография искусствосунун "Ак илбирс" академиясы" коомдук фонду түзүлгөн.
Сыйлык 18 номинация боюнча тапшырылат:
- мыкты тасма;
 - мыкты режиссёр;
 - мыкты сценарий;
 - мыкты оператор;
 - мыкты сүрөтчү;
 - мыкты композитор;
 - мыкты үн режиссёр;
 - мыкты монтаж;
 - эркектин мыкты ролу;
 - аялдын мыкты ролу;
 - мыкты даректүү кино;
 - мыкты кыска метраждуу кино;
 - көрүүчүлөр жактырган мыкты кино;
 - улуттук кинематографияга кошкон салым;
 - дүйнөлүк кинематографияга кошкон салым;
 - борбор Азиядагы мыкты кино;
 - борбор Азиянын мыкты актёру;
 - борбор Азиянын мыкты актрисасы.
 
Белгиленгендей, документ тапшыруунун мөөнөтү 30-апрелде аяктайт, табыштаманын үлгүсүн төмөнкү шилтеме аркылуу кирип жүктөп алууга болот.
"Аны толтурган соң 
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн