Бугу 02, 2025
Убакыт: 16:09
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

"Ал-Каиданын" башчысы Айман ал-Завахири АКШ тарабынан жок кылынды

02.08.2022 08:20
599
"Ал-Каиданын" башчысы Айман ал-Завахири АКШ тарабынан жок кылынды

"Ал-Каида" экстремисттик уюмунун учурдагы башчысы Айман ал-Завахири 31-июль күнү Афганистандын борбору Кабул шаарында өзү жашаган үйдө жок кылынды. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазды.


Маалыматка ылайык, Байденге АКШнын чалгын кызматы ал-Завахиринин жашаган жерин аныктаганы тууралуу бир нече ай мурда аныктаганын билдирген. Байден "Ал-Каиданын" башчысын жок кылуу боюнча буйрук берген.


31-июль күнү эртең менен АКШнын учкучсуз учуучу аппараттарынын жардамы менен Айман ал-Завахиринин үйүнө эки ракета чабуул жасалган.


Байден билдиргендей, уюм башчысы операция учурунда үйдүн балконунда болгон жана чабуулдан ал-Завахириден башка эч ким зыян тарткан эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн