Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

"Гей-парад деген кыргызда болгон эмес"

09.03.2020 16:07
2042
"Гей-парад деген кыргызда болгон эмес"


Гей-парад деген кыргызда болгон эмес, кыргыз эли намысын сактоосу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматов "Медиа центр" мультимедиялык маалыматтык-агентигине берген маегинде билдирди.  


"Кечээ, маалыматтардан окуп көрдүк. Албетте биздин аялдар төрөбөйм, турмушка чыкпайм дегени өз укугу бирок, биздин менталитетке туура келбейт. Бул туура эмес деп ойлоп атат. Ар бир адам келечегин ойлошу керек, эгер төрөбөсө карыганда жанында ким болот? Анан гей-парад деген кыргызда болгон эмес. Илгертен карап көрсөңөр коңшу өлкөлөрдө "бачанство" деген болгон. Бирок кыргыздарда болгон эмес. Кыргыз намыстуу келип, эркеги үйлөнгөн, кыздарыбыз турмушка чыккан, ошонусу менен сыймыктанган. Турмушка чыкпайм дегендер ойлонсо болот эле", - деди Кубанычбек Нурматов. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн