Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Калк карап турат": Министр К.Жунушалиев Ошто тартип сакчыларга тапшырма койду

03.09.2020 14:38
1338
"Калк карап турат": Министр К.Жунушалиев Ошто тартип сакчыларга тапшырма койду


Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев иш сапар менен Ош облусунда жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, министр 2-сентябрда  Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылында курулган айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаӊы имаратынын ачылуу аземине катышты. Ага Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги,  милициянын полковниги М.Нурдинов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги М.Боронов, Кызыл-Кыштак айыл аймагынын айыл башчысы жана жашоочулары, курулуп бүткөн имаратка жакындан көмөк көрсөткөн атуулдар, ички иштер органдарынын ардагерлери жана аталган милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы катышты. 


Кашкар Жунушалиев имараттын курулушуна салым кошкон жарандарга жана өздүк курамга ыраазычылын билдирип, ИИМдин сыйлыктары менен сыйлады. Буга чейин аталган милиция бөлүмчөсүнө “Нива” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа тапшырылган болчу. 


Жаӊыдан ишке берилип жаткан айылдык милиция бөлүмчөсү Кызыл-Кыштак жана Төлөйкөн айыл аймактарынын 14 айылындагы  72 миӊ 132 калк жашаган жерлерде коомдук тартипти көзөмөлдөп, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иш алып барышат. 


Андан соң Кашкар Жунушалиев Ош облустук ички иштер башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Жыйында министр Ош облусунун милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө кыскача токтолуп, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоо багытында кошумча тапшырмаларды койду. 


Ошондой эле, милиция кызматкерлериндеги мыйзамдуулукту сактоо, эл менен болгон мамиледе адамгерчилик, патриоттуулук жана тартиптүүлүк принциптери жогору болуш керектигин баса белгиледи.


Калк бизге ишенип, чоӊ үмүт менен карап турат, коомдук тартипти сактоодо мыйзамдын сакталышына биз жооптуубуз” - деди министр. 


Ошондой эле Жогорку Кеӊешке депутаттарды шайлоого карата көрүлүп жаткан даярдыктар, шайлоо өткөрүүдө коомдук коопсуздукту, тартипти көзөмөлдөө, мыйзамдуулукту сактоо боюнча бир катар уюштуруу иштеринин сапатын жогорулатуу керектигин айтып өттү.


Министр ИИМдин Оштогу Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Түштүк аймактык башкармалыгында болуп, мындагы өздүк курамдын абалы менен таанышты. 


Бул кызматтын кызматтык милдеттерине таандык болгон тапшырмаларды коюп, мындан ары ишти жандандырууну талап кылды. Ушул эле күнү министр ИИМ тарабынан Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулуп жаткан 12 кабаттуу, 240 батирлүү турак жайдын курулуш иштери менен таанышуу менен иш сапарын улады. Быйыл пайдаланууга бериле турган үйдүн курулуш иштери менен таанышып чыкты. Курулуш иштерин аткарууда сапаттуу курулуш материалдарына басым жасоону эскертип, курулушту тездетүүгө чакырды. 


Андан соң Кашкар Жунушалиев Ош шаарынын аймагында жаңыдан түзүлүп жаткан  милициянын кайгуул кызматынын башкаруу пункту  үчүн каралып жаткан имарат менен таанышып чыкты. 


Иш сапардын соңунда К.Жунушалиев ИИМдин  Ички коопсуздук аскер кызматынын 703-аскер бөлүгүндө болуп өздүк курам менен таанышты.  Министр аскердик бөлүктүн санитардык пункту, машыгуу залы  жана аскердик техникалары,  жабдуулары менен таанышып чыкты. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн