Бугу 07, 2024
Убакыт: 05:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

"Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директорлугуна сынак жарыяланды

02.08.2023 09:08
1300
"Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директорлугуна сынак жарыяланды


Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директорлук бош кызмат орунуна документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.


Жумушка орношууну каалагандарга төмөнкү талаптар коюлган:


- кино таануу, кинооператорлук, актёрдук искусство, жетекчилик кызмат орундарында иш стажы 5 жылдан кем эмес болушу;


- гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багытындагы жогорку кесиптик билими;


- маданият жана искусство чөйрөсүндөгү иш стажы 7 жылдан кем эмес болушу керек.


Талапкерлер сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:


- Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясын өнүктүрүү программасы;


- резюме;


- автобиография;


- кадрларды эсепке алуу баракчасы;


- акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;


- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);


- паспорттун көчүрмөсү.


Бардык документтер папкага тиркелип, Маданият министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2023-жылдын 10-августуна чейин тапшырылууга тийиш.


Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78, №108 кабинет (саат 9.00дөн 18.00гө чейин).


Байланыш телефону: +996 312 662683.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн