Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Крокус Сити Холлдун" ишине шектүүлөрдүн бири каза тапты

02.04.2024 10:44
1092
"Крокус Сити Холлдун" ишине шектүүлөрдүн бири каза тапты


"Крокус Сити Холл" концерт залындагы терактка шек саналып кармалган Чеченстандын жараны Асхаб Успанов каза тапканы кабарланды.


Успановдун өлгөнүн "Агентство" басылмасына апасы ырастаган. Анын айтымында, уулун теракттан кийин аялынын жумушуна бара жаткан жеринен кармап кетишкен. Успанов жубайына телефон чалып, "буларда мага каршы эч нерсе жок" деп, артынан келбей эле коюу керектигин айткан. Бирок кийинчерээк дагы телефон чалып, полиция кызматкерлерине орой мамиле жасап койгонун, келиши керектигин айткан. Аялы эки сааттан кийин полиция бөлүмүнө барганда ага күйөөсү суицид кылганын кабарлашкан.


29-мартта Успановдун өлгөнүн оппозициялык 1ADAT Телеграм-каналы жазып, маркумдун кабыргалары жана омурткасы сынганын, денесинде муунтуудан калган жана башка көгала тактар болгонун жарыялады. 1ADAT өлүкканада Успановдун сөөгү тартылган тасманы жарыялап, полиция кылмышын жашыруу үчүн анын өлүмүн суицид деп билдиргенин жазды.


Маркумдун апасы уулу мусулман катары жанын кыйбай турганын, анткени исламда суицид күнөө болорун билдирген. Успановдун үй-бүлөсү анын концерт залдагы терактка тиешеси жоктугун бекемдөөдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн