Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесинен 8 аял чыкты. Алар кимдер?

23.09.2020 09:32
1824
"Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесинен 8 аял чыкты. Алар кимдер?


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 22-сентябрындагы жыйналышында "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен 9 адамды чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Тизмеден төмөнкү адамдар чыгарылды: 


- Жаныкулов Хамракул Жаныкулович;

- Мамытова Лунара Улукбековна;

- Ахметова Малика Ялкуновна;

- Калиева Сайкал Асангуловна;

- Шакирова Алина Кубанычбековна;

- Таирова Гулжамал Эркебаевна;

- Абдукадырова Мадина Абытовна;

- Айтыева Сабина Рустамовна;

- Касымова Бермет Данияровна.


Мындай чечим “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын 22-сентябрындагы билдирмесинин негизинде, «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 61-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн