Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

"Ош" аэропортунан адам өлтүрүүгө шектелип, 14 жылдан бери издөөдө жүргөн киши кармалды

"Ош" аэропортунан адам өлтүрүүгө шектелип, 14 жылдан бери издөөдө жүргөн киши кармалды


"Ош" аэропортунан адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдирди.


Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну Дж.М. 14 жыл Россиянын ар кайсы шаарларында жашырынып жүрүп, 26-апрелде колго түшүрүлгөн.


"Шектүү Дж.М. Оштогу июнь окуяларында, 2010-жылы 13-июнда, Кара-Суу районунун 1953-жылы туулган тургунун шериктери (кармалышкан) менен Ак-Буура дарыясынын жээгине алып барышкан. Ал жерден жаранды мыкаачылык менен өлтүрүп, дарыяга ыргытып жиберишкен. Маркумдун сөөгү 2010-жылы 19-июнда Өзбекстандын аймагынан табылган. Кийин абал турукташып, кылмышка шектүүлөр аныктала баштаган учурда Дж.М. из жашырган", — деп айтылат маалыматта.


Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатканы кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн