Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

"Жамийланын" жаңы тасмасы тартылат

28.04.2021 12:49
2950
"Жамийланын" жаңы тасмасы тартылат


Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата, Кыргызстан жана Швейцария тарабынан "Жамийла" повестинин жаңы экранизациясы тартылат. Бул тууралуу маалыматты, тасманын продюсерлери  Паризат Жакыпбекова жана Кайрат Биримкулов жергиликтүү басылмаларга билдирген.


Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Чыгарманы тасмага ылайыкташтырып жазган сценарист жана драматург Керез Зарлыкова. Буга чейин Өзбекстан менен Кыргызстан тарабынан биргелешип тартылган "Делбирим" тасмасынын сценарийин адаптация кылган.


Тасма Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында тартылат. Повесттин тасмага түшүрүүгө Эльдар Айтматов тарабынан уруксат берилди жана колдоого алынды. "Делбирим" тасмасынын экинчи режиссёру, Эльдар Турдумамбетов "Жамийла" повестин экранизациялоодо башкы режиссёрдун милдетин аткарат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн