Бугу 13, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Өз баласына зомбулук көрсөткөн адам 2 айга камалды

21.04.2020 16:14
1122
Өз баласына зомбулук көрсөткөн адам 2 айга камалды


Москва шаарында 17-апрелде баласына карата зомбулук көрсөткөн Кыргызстандын жаранына карата Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык кылмыш иши козголду, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.


Бул факт боюнча ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, видеодогу адамдын өздүгү такталган. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Жубайы 1987-жылы туулган Ж.Ж. экендиги да белгилүү болгон. 


ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгү тарабынан Москва шаары боюнча кылмыш иликтөө башкармалыгына аймактык бөлүмдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн жаранга карата РФ мыйзамына ылайык чара көрүү боюнча кат жөнөтүлүп, ИИМдин Москва шаарынын Кунцево району боюнча бөлүмүнө аталган факты катталган.


Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Уруп-согуу, кыйноо) жана 156-беренесинин (Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо) негизинде кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен Ж.Э. 2 айга камакка алынды. 


Эске салсак, социалдык тармакта спорттук көнүгүүнү жасабагандыгы үчүн баласын алгач колу менен, кийин пластик же темир таяк менен сабап жаткан видео тараган.  Андан көп өтпөй ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 35 жаштагы Ж.Э. аттуу тургуну экени маалым болгон.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн