"...кандай гана артта калган, кемчилиги толтура коом болбосун... ар биринин кийинки коомдун өнүгүшүнө оң таасир тийгизген жугумдуу тажырыйбалары болбой койгон эмес. Советтик түзүлүштөн да таалим алып, үйрөнчү жактары көп. Андай болбогондо, адам коомунда өнүгүү, прогресс, алга кадам шилтөө болмок эмес, адам баласы эбак эле маймыл ата-бабасынын кейпине түшүп кетмек. Ошондуктан жашап жаткан доорубуздагы кемчиликтер үчун "өткөн чакты" күнөөлөй бербей күнөөнү өзүбүздөн издеп тапсак оңолорубуз оңой болмок. "Өз башыбыздагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрө калганыбыз" кендирибизди кескен кесепет экенин унутпай андан ары улоонун жолун издесек" - жазыптыр Жакиев Бексултан авам өзүнүн "Өмүр өтөт билинбей" деген повесть-эссесинде.
Кече эле Улуттук университетте Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесин белгилөө алкагында Жыпар Жешеевди эскерүү конференциясы болуп, анын "Атуулдук ар-намы ойгонгондо" деген китебинин бет ачары өткөн. Мына ошол жерде Кыргыз Республикасы эгемендик алган 30 жыл жөнүндө өз оюмду айттым эле, анан бүгун ал оюм Бексултан авамдын оюна үндөш экендигин окуп жатпайынбы. Чынында эле "отуз жыл ойрондолдук, кыйрадык, талкаландык, бечара болуп итке минип калдык" - деген сыяктуу сөздөр коомду бириктирүучү, аны алдыга сүрөп өстүрүүчү сөздөр эмес, отуз жыл жалаң эле "кара туман" басып турган эмес, отуз жыл ичинде мындан кийинки өнүгүүгө негиз болуп берүүчү далай иштер жасалды, далай оозго алынуучу жетишкендиктерибиз бар. Кеп мына ошолордон маани чыгарып, өзүбүзгө сабак алып, мындан аркы жашообузга пайдаланышыбызда... Тарыхка мына ушул 30 жыл элибиздин өз тагдыры, өз келечеги, өз жолу үчүн күрөшүсү менен коштолгон даңазалуу доор катары кирип калуусу да ажеп эмес. Өз тарыхыбызды сыйлоону дагы, андан сабак алууну да үйрөнсөк деген эле ой.
Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн