Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өзбек өкмөтү Молдо Нияздын сөөгү коюлган жайга мемориалдык комплекс курат

17.08.2023 13:17
2035
Өзбек өкмөтү Молдо Нияздын сөөгү коюлган жайга мемориалдык комплекс курат


Өзбекстан тарап кыргыз элинин алгачкы жазма акыны Молдо Нияздын сөөгү коюлган жайга мемориалдык комплекс курат. Бул туурасында "Молдо Нияз мурастары" коомдук фондунан билдиришти.


Улуу ойчулдун көрүстөнү Шахимардан анклавында жайгашкан. Фергана облусунун губернаторунун орун басары Хуршиджон Ахмедов мындай чечим эки өлкөнүн достугун бекемдөө, туристтерди тартуу үчүн жана акындын 200 жылдыгына карата кабыл алынганын айтты.


Молдо Нияз — өз заманынын илимдүү акыны, ойчул, философ жана кыргыз тилинде эң алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык тексттин, "Санаттар" аттуу кол китептердин автору. Ал 1823-жылы Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Өмүрүн агартуу тармагына арнап, 73 жашында дүйнө салган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн