Кулжа 18, 2025
Убакыт: 00:38
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Өзбекстан 2021-жылы коронавируска каршы күрөшүүгө 290 млн доллар бөлөт

20.10.2020 10:28
734
Өзбекстан 2021-жылы коронавируска каршы күрөшүүгө 290 млн доллар бөлөт


Өзбекстан кийинки жылы коронавируска каршы күрөшүүгө 3 триллион сум, же 290 млн доллар бөлөт. Ал эми бул дартка каршы дары-дармектерди сатып алуу үчүн 174 млн доллар коротот. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 19-октябрда видеоселектордук жыйында билдирди.


Коңшу өлкөнүн президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, кийинки жылдын бюджетин кабыл алууда пандемиянын кесепеттери, дүйнөлүк экономиканын төмөндөшү эске алынат. Ошондой эле 2021-жылы Өзбекстан саламаттыкты сактоо тармагына 2 млрд долларга жакын каражат сарптай турганы белгилүү болду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн