Өзбекстан КМШнын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекет аралык кеңешине толук укуктуу мүчө болуп кирди. Бул тууралуу өлкөнүн Коррупцияга каршы агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кеңештин алкагында бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу, мыйзамдык базаны өркүндөтүү, тажрыйба алмашуу жана адистерди даярдоо иштерине басым жасалат.
Президент Шавкат Мирзиёев белгилегендей, Жаңы Өзбекстандын өнүгүү стратегиясынын негизги багыттарынын бири – коррупциядан арылган коом куруу. "Бул максат бүгүн коомду бириктирген факторго айланып жатат", – деди мамлекет башчысы.
КМШнын коррупцияга каршы кеңеши 2013-жылы түзүлгөн. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет.
Кеңештин кийинки жыйыны 3-октябрда Ереванда өтүп, анда Өзбекстан алгачкы жолу өкүлүн жөнөтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн