Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт

09.03.2021 16:13
1026
Өзбекстан Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт

Өзбекстан Кыргызстанга ар кандай экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 50 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу бүгүн Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин отурумунда белгилүү болду.


Депутаттар Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимди ратификациялоону жактырышты. Ага ылайык, Өзбекстан аталган фондго 50 миллион доллар каражат бөлөт.

Фонддун курамына  Кыргызстандын өкүлдөрү кирген директорлор кеңеши түзүлүп, директорлор кеңешине Өзбекстандан үч, Кыргыз Республикасынан эки өкүл кирет.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Саит
Уялбай деле калдык.Озбегинен деле алып атат