Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек аралар убактылуу жабылат

02.04.2020 17:42
1077
Өзбекстан менен Кыргызстандын чек аралар убактылуу жабылат


2-апрелден тарта кыргыз-өзбек чек аралары  жаңы тартип менен иштей баштайт. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык,  эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасы аркылуу жарандарды жана унаа каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду.


Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандары коңшу өлкөдөн чыгып кете алат. Өзбек тараптын чечими менен Кыргызстанда жүргөн өзбекстандыктар белгиленген бир убакытта гана өз өлкөсүнө кайта алат.


Маалыматка таянсак, Айыл чарба азыктары, тамак-аш азыктары, калктын керектөөсүндөгү товарлар жүктөлгөн унаа каражаттарын, ошондой эле транзиттик жүктөрдү Кырыгызстандан Өзбекстанга жана Өзбекстандан Кырыгызстанга өткөрүү “Достук-автожол” жана “Кызыл-Кыя-автожол”  өткөрмө пункттары аркылуу ишке ашары айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн