Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өзбекстанда автобустагы газ баллон жарылып, 4 жүргүнчү ооруканага жаткырылды

16.10.2023 13:31
1801
Өзбекстанда автобустагы газ баллон жарылып, 4 жүргүнчү ооруканага жаткырылды


Өзбекстандын түштүгүндөгү Кашкадарыя облусунда автобустун ичиндеги газ баллон жарылып, төрт адам ооруканага түшкөнүн өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Басма сөз кызматы билдиргендей, Кашкадарыя облусунун Мубарек районундагы Карши-Бухара унаа жолунда Isuzu үлгүсүндөгү автобустагы газ баллон жарылган.


"Окуянын кесепетинен төрт адам орто деңгээлдеги жаракаттарды алып, райондук ооруканага жаткырылды", — деп айтылат ӨКМдин Telegram-каналында.


Калган жүргүнчүлөргө жеринде амбулатордук жана психологиялык жардам көрсөтүлдү, деп кошумчалады басма сөз кызматы.


Белгилей кетсек, Өзбекстанда бензин жана дизель майынын тартыштыгынан улам унаалардын 70%дан ашыгы жаратылыш газына өткөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн