Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өзбекстанда карантиндин тартибин сактабаган 90 адам кармалды

25.03.2020 19:13
781
Өзбекстанда карантиндин тартибин сактабаган 90 адам кармалды


Коронавирус илдетин жайылтырбоо эрежелерин Өзбекстанда 90 адам бузду.  Алардын үчөөсү кылмыш жоопкерчилигине, калганы административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу  Өзбекстандын Ички иштер министринин маалымат катчысы Шухрат Гиясов билдирди.

 

“Бүгүнкү күндө 90 адам карантин эрежелерин бузду. Алардын үчөө кылмыш жоопкерчилигине, 87 адам административдик жоопкерчиликек тартылат, -  дейт Гиясов.


Маалыматка, ылайык учурда Өзбекстанда 28 066 адам карантинге жаткырылган, алардан 18 961 киши үй шартында, 9 105 адам медициналык мекемелерде.


Буга чейин, Өзбекстандын башкы прокуратурасы Түштүк Корея менен Россиядан кайтып келген жарандар карнатинден качканын айтып, “Карантин эрежесин бузуу" жана "эпидемияга каршы күрөшүнүн эрежесин бузуу" менен кылмыш иши козголгон. Аларга миң доллардан эки миң долларга чейинки айып же бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратуу, же болбосо 2 жылга чейин коомдук жумушка тартылаары айтылган. Ал эми адамдын өлүмүнө алып келсе, 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн