Жетинин айы 04, 2025
Убакыт: 19:22
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.075
1.105

Өзбекстанда жумушсуздардын саны 2 миллионго чукулдады

09.06.2020 13:45
1145
Өзбекстанда жумушсуздардын саны 2 миллионго чукулдады


Өзбекстанда коронавирустун кесепетинен жумушсуздардын саны 1,35 миллиондон 2 миллион адамга чейин жакындады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жумуш жана эмгек мамилелери бонча министри Нозим Хусанов билдирди.


“Коронавирус учурунда жумушсуз калгандардын саны 2 миллионго чейин өстү”, - деген Хусанов эл аралык пресс-клубдун отурумунда. Анын айтымында ага чейин жумушу жоктордун саны 1,35 миллион адам болчу.


Ошондой эле 498 миң адам пандемиядан улам Өзбекстанга эмгек мирациясынан кайтып келгенин кошумчалаган.


Маалыматка таянсак, Россияда эле 2 миилондон ашык өзбекстандык иштеп жүрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн