Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өзбекстандын биринчи айымы Улуттук тарых музейине барды

27.01.2023 20:40
863
Өзбекстандын биринчи айымы Улуттук тарых музейине барды

Борбордук Азиядагы эң ири музей – Улуттук тарых музейине келген Ѳзбекстандын биринчи айымы Хошимова Зироат Махмудовна менен Кыргызстандын биринчи айымы Жапарова Айгүл Жапаровнаны КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чынгыз Эсенгулов жана музейдин жетекчиси Жылдыз Бакашова тосуп алышты.


Атайын сапар менен келген ардактуу меймандар, маданият чѳйрѳсүндѳ чоң иштерди аткарып келе жаткан илимий институт – тарых музейинин экспозициясындагы ата бабаларыбыздын жана түрк дүйнѳсүнүн түптүү тарыхын ачып кѳрсѳткѳн, түпкү булактык башат болгон уникалдуу коллекцияларды ѳтѳ кызыгуу менен кѳрүп чыгышты.


Б.з.ч. 800-120 миң жылдыктан – б.з. XXII кылымына чейинки адамзаттын тарыхынын урунттуу учурларын камтыган кѳргѳзмѳдѳн, сак жана гунн доорундагы таберик алтын зер буюмдарынын, кѳз жоосун алган асем күмүш кооздуктардын мааниси, кол ѳнѳрчүлүктүн керемети саналган ала-кийиз менен шырдактардын колдонулушу, элибиздеги акылман аялзаттарынын орду тууралуу кеңири баяндалды.


Кыргыз мамлекеттүүлүгүн ѳнүгүү этаптары менен улуттук интеллигенциянын ишмердүүлүгү жана кыргыз элинин турмушу тууралуу даректүү маалыматтар, Евразия чѳлкѳмүнүн зор мейкиндигинде ат ойноткон улуу элдин турмуш-тиричилигинен – маданият-интеллектине чейинки жашоосунун мыйзам ченемдүүлүктѳрүн, элге энчиленип калтырылган руханий уңгусун жана ошол доордун нарк-дѳѳлѳттѳрүн негиздүү чагылдырган мыкты коллекциялар, жогорку даражадагы сый коноктордун суктануусун жаратты.


Атайын келген биринчи айымдар, илгерки мезгилден – азыркы күнгѳ чейинкини аздектеп сактап келе жаткан музейге жаратмандык ийгилик каалап, терең ыраазычылыгын билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн