Өзгөчө ири өлчөмдөгү коррупция фактысы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу комитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, Аскер прокуратурасы менен биргеликте акчалай сыйлык алуу менен маселени чарбакер субъекттин уюштуруучусунун пайдасына чечүүнү көздөгөн УКМКнын кызматкери С.М.ны кармады.
2025-жылдын февралында чарба жүргүзүүчү субъекттин уюштуруучусу тергөө менен жеке маселесин чечүү үчүн УКМК кызматкери С.М.га 200 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын бергени аныкталган.
Бирок, УКМКнын жогоруда аталган кызматкери акча каражаттарын алуу менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммасын минималдаштыруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткара алган эмес. Андан ары арыз ээси С.М.дан мурда берилген акча каражаттарын кайтарып берүүнү талап кылган. Бирок, ал мурда алынган каражаттарды кайтарып бере алган эмес.
Аталган факты боюнча, 2025-жылдын 12-июнунда КР Аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Бардык жагдайлар такталган соң, подполковник С.М. дискредитацияга байланыштуу улуттук коопсуздук органынан бошотулду.
Аталган кылмыш ишинин алкагында кармалган кызматкер КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн