Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2 тез жардам унаасы алынып келинди

22.09.2020 10:00
980
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2 тез жардам унаасы алынып келинди


Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2 тез жардам унаасы алынып келинди. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, унаалар Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин жана Африка менен Азиянын Өнүгүүгө Жардам берүү фондунун активдүү жардамы менен, Корей Руспубликасынын Сеул Өрт өчүрүү кызматынын ортосундагы кол коюлган кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында берилип жатат.

Мындан тышкары, аталган документтин алкагында ушул жылдын аягына чейин 2 өрт өчүрүүчү унаа алынып келүүсү пландалууда.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Корея тарабынан берилген жардамын жогору баалап, бул жардам Кыргызстан менен Корея Республикасынын элдеринин ортосундагы достук мамилелеринин далили экендигине ишенимин билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн