Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:29
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Президент «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестивалына катышты

18.09.2021 10:23
1396
Президент «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестивалына катышты

Өзгөн шаарында  «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Кечээ, 17-сентябрда, Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаарында Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына арналган «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестиваль болуп өттү.


Иш-чарага Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттыр, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери жана чет элдик меймандар: Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов жана ЮНЕСКОнун Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандагы өкүлү, кластердик бюронун директору Криста Пикат катышты.


Мамлекет башчысы кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын этно-жарманкесин көрдү. Андан соң көрүүчүлөгө «Өзгөн менин жүрөгүмдө» театралдык прологу тартууланды.


Андан соң, Мамлекет башчысына сөз берилип, ал ата-бабалардын тарыхый жана маданий мурастарын, алардын бири болгон «Өзгөн» комплексин сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.


Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине «Өзгөн» тарыхый комплексин 2025-жылга чейин киргизүүнү тапшырды.


Ошондой эле Президент «Өзгөн-Мунара-2021» иш-чарасынын уюштуруучуларына алардын элдин руханий, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн  чоң ыраазычылык билдирди.


Андан соң, профессор Мустафа Джеват Акшит Садыр Жапаровго имам Сарахсинин адамзатынын баалуулуктары жана дүйнөтаанымы тууралуу түрк тилине которулган «Аль-Мабсут» 31 томдук эмгегин тапшырды.


Иш-чара Кыргызстандын бардык облустарынан этно-фестивальга катышуу үчүн келген манасы жана төкмө акындарды сыйлоо аземи менен аяктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн