Аяк оона 16, 2025
Убакыт: 17:55
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.045
1.080

Өзгөндө пара талап кылган милициянын тергөөчүсү кармалды

16.09.2025 16:07
14
Өзгөндө пара талап кылган милициянын тергөөчүсү кармалды


Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Атайын кызмат 150 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган Өзгөн РИИБдин тергөөчүсү К.Б.А.ны кармады. Кармоо иштери ИИМдин Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү. 


Шектүү кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган адамдын жакынынан опузалап акча талап кылган.


14-сентябрда 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда К.Б.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн