Бугу 03, 2025
Убакыт: 01:01
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

2024-жылы Кыргызстанда аз камсыз болгон 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

23.11.2023 13:43
620
2024-жылы Кыргызстанда аз камсыз болгон 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет


Жакырчылыкты жоюу максатында, 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн бюджеттен 2 млрд сом каралды.

"Социалдык коргоо чөйрөсүнө жөлөкпулдар: 2 жылда үч этап менен көтөрүлдү. Мындан тышкары Президенттин социалдык контракт демилгеси ишке кирди. 100 миң сомдон берүү жакырчылыкты жеңүүнүн эффективдүү модели катары башталды. 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө берилди, натыйжада: 50 миң адамдын жашоо-шартын жакшыртып, 30 миңдей жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда. 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө берилет, ага 2 млрд сом каралды", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн