Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:01
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Адам тагдыры улуттун тагдырынын чакан проекциясы

04.11.2021 15:02
15945
Адам тагдыры улуттун тагдырынын чакан проекциясы


Арслан Капай уулу Койчиевдин ара жолдо калган жоокердин ыры жөнүндө аӊгемеси тууралуу...

Жазуучулук өнөр назары сынбаса да салтанат кура албай туру. Жок, калган дүйнөдө эмес, биздин өлкөдө, биздин журтта көктө шаӊшый албай туру негедир. Кыргыз баласын туулгандан көзү өтүп, сөөгү жерге берилгенге чейин ыр коштоп келген.

Ошол кыргыздардын мекенинде ошол кыргыздын тукуму аталган бейдарек, бейбагыт эмки журт бул заманда китеп окууга шайы келбей, тукулжураткан көр тириликтен башы арылбай, элди эл кылган баалуулуктары, ыйык туткан нарктары айылдан алыс кубаланып, ордуна тыштан сүйрөп келген, көбүнесе кай бир элдердин бери болгондо он кылым мурдагы көрүнүштөрү төрдү ээлей баштады.

Илим-билим десе итатайы тутулган сабатсыздардын катмары калыӊдап, цивилизациянын жетишкендиктерин жерип, кыргыз жерин, салтын, наркын, насилин, адатын, ысымын чанып, кийимин, жөрөлгөсүн, өнөрүн кошо танган пенделердин саны арбып барат. Китептин бактысын окурман ачат, аны түшүнгөндөр жана баалагандар болсо гана чыгарманын жылдызы жанат. Эки жыл мурун Кыргыз Эл жазуучусу, кайран атамдын аккан досу Мелис Абакировдун 80 жылдык мааракесинде “Сиз бактылуу адамсыз, анткени кыргыз журту китеп окуп, чыгарманы түшүнүп, көркөм дөөлөттү баалап, эстетикалык талабы өргө чыгып калган кезде чыгармаларыӊыз жазылды, чыгарманы  түшүнгөн окумандарыӊыздын катары арбын учурда китептериӊиз чыкты” деген элем.

Евразия жазуучулар союзунун мүчөсү Арслан Капай уулу адабият конушуна кыйын кезеӊде шашпай ат бастырып кирди, жөө-жалаӊ, кокус жолоочудай болбой, атайы келген адамдай, мыкты интеллектуалдык даярдык, турмуштук тажрыйба менен аралашты. Насили тарыхчы жазуучунун “Мисмилдирик”, “Айта бар менин кебимди”, “Бакшы менен Чыӊгыз хан”, “Добул таштык Заратустранын баяны” (адегенде түрк тилинде жарык көрдү)  сыяктуу китептери кыргыз көркөм дүйнөсүнүн багына жаралган, ар биринин көтөргөн жүгү арбын, омоктуу чыгармалар. Анын китептери көпчүлүккө али толук маалым эмес. Бирок окуган кишини кайдыгер калтырбаган, көкүрөгүнө сезим жараткан, көӊүлүнө ой салган керемет чыгармалар. Эми минтип “Тагдыр жөнүндө ыр” аттуу жаӊы аӊгемесин коомчулукка сунуштап отурат.

20-кылым менен кошо бу жарык дүйнөгө келип, дүйнөлүк эки согуштун азап-тозогун көргөн кишинин тагдыры баяндалат, махабаты ырдалат.

Адам тагдыры, жеке инсандын тагдыры, кечирген өмүрү, бактысы жана шору, кубанычы жана кайгысы элдин тагдырынын кичирейтилген проекциясы окшобойбу. Ата-жотосу оӊдуу билбеген, жети атасы жаа тартып атышып көрбөгөн, жети муун мурдагы бабалары алышып көрбөгөн орус менен немиске кыргыз баласынын тагдыры эки айланта байланат деп ким болжоптур. Орус менен немис урушу эки мертебе элге бүлүк салып, эки курдай кыргыз журтун алааматка салат деп ким ойлоптур.

Орус падышачылыгы адегенде кыргыз жерин каратып алганда биринчи дүйнөлүк согуш чыгып, Россия баштаган бир тобу, Германия баштаган бир даары жылдап согушат. Орус бийлиги басып алган аймактардагы жергиликтүү калкты, анын ичинде ири алдыда кыргыздардын аскер ишине жарактууларын жоого тике найза сунган кармашка салбаса да, согушка керек кара жумушка алмакчы болгону буга чейинки нааразычылыкты ого бетер күчөтүп, эл каршы чыгат. Эл хан шайлап, желек кармап көтөрүлүшкө башталат. Ушуну эле күтүп тургансып, ансыз деле “жок кылынууга тийиш” элге орус жазалоочу аскерлери кандуу бүлүк салат.

Согуш жүргөн Европада миллиондогон кишилер набыт болсо, андан миӊдеген чакырым алыста, Азиянын чок ортосунда он миӊдеген кыргыз кырылат, тууган жерин таштап Кытайдагы эзелки жерине качат, сынбаган шагы калбай, көрбөгөн азапты баштан кечирет. Ошентип Арслан Капай уулунун аӊгемесинин каарманы боз улан чагында кыргыздардын катарында жоону көрөт. Найза, келтек, союл, чанда бири гана түтөтмө мылтык менен жоону беттеп, Токмокту камалап, улам каптап кирип, орустардын жамгырдай огунан кырылып, жалп эте артка качып, боо түшүп кыйраган кыргызды көрөт. Улам чабуул жасап, улам суюлган колду көрөт. Кытайга качкан элди көрөт. Токмоктун жанындагы соӊку салгылашта эл менен кошо качканга үлгүрбөй калып, кыргыздарды сая кууган, жеткенин кырып келе жаткан солдатты көрөт. Ар бир үйдү тинте карап, томолонуп жерде жаткан кыргыздарды кайталап атып келе жаткан орус желдеттеринин бирине туш болуп, кайран жанга бир өлүм, жан айласы кылып, союл менен жыга чаап өлтүрөт.

Ошол орустар менен бирге кийин совет мамлекетте жанаша жашап, бир өлкөдө өмүр кечире баштайт. Кытайдан аман келген кыргыз колхоздо иштеп, эми жай тирликке жетип, эптеп оокат кыла баштаганда экинчи дүйнөлүк согуш башталат. Баягы Германия менен кайрадан уруш башталат. Бул ирет элди үркүткөн орусуӊ да, үрккөн кыргызыӊ да совет деп аталган чоӊ өлкөнүн түркүн эли немиске каршы улуу согушка аттанат. Аскери майданда, жай тургундары орукта Германия менен согушат. Орусту жыга чапкан кыргызыӊ орусуӊ менен кошо мылтык көтөрүп, ураалап кыйкырып, немиске каршы уруш кылат. Майдандагылардын баарынын маӊдайына баатыр болуу жазбаптыр, кай бири түркүн жагдайда немистин колуна түшөт. Алардын айрымдары туткундардан топтолгон Түркстан легионерлеринин катарына кошулат. Немис менен урушам деп барган жоокер колго түшүп, бул ирет немиске кызмат кылат.

Не деген тагдыр, чиркин. Аскер коштогон келгин орус ата-бабасынын жерин ээлеп, Ала-Тоону каптап киргенде немис менен согушуп жаткан оруска каршы чыгып, орустан качып, анан кайра орус менен бир эл, бир журт болуп жашап, немиске каршы согушуп, колго түшкөндө кайра аргасыздан немиске кызмат кылып, туш болгон тагдырын өзү да түшүнбөй, өӊгөгө да түшүндүрө албай калганы не деген трагедия. Согуш аяктаган соӊ мекенине кайтып келсе сүргүнгө айдаларын не атыларын угуп, Германиянын батыш бөлүгүндө калып калат.

Ошол эрксиз туткун, устаранын мизинде оодарылган дүнүйөнүн бечара курмандыгы кийин, карыган чал болгондо СССР ыдырап, жаӊы заман келип, өз мекени Кыргызстанга келмекчи болуп камданганы келиштире сүрөттөлөт аӊгемеде. Арслан аӊгемесинин каарманынын реалдуу прототиби өзү кезиккен жалгыз кыргыз эмес, ушул тагдырга туш болгон жүздөгөн кишилер.

Экинчи дүйнөлүк согуштагы туткунга түшкөн кыргыздар темасы кыргыз көркөм өнөрүндө гана эмес, тарых изилдөө илиминде алигиче чоочун тема, мен тарыхчымын дегендер өзүн оолак кармаган кооптуу тема, козгогонго оӊой менен киши даабаган опуртал тема. Адабиятта жаӊы, дыӊ тема.

Аӊгемеде ошол туткун аркылуу бүтүндөй муундун тагдыры - урушканы, качканы, кайра согушка аттанып, колго түшкөнү, мекенине кайтканы, кайтпай бөтөн жерде калганы, кыскасы, миӊдеген кишилердин жана алардын үй-бүлөсүнүн тагдыры, туугандарынын тагдыры деген маселелердин тегерегинде түркүн ойго жетелейт. Аӊгеменин аткарган миссиясы, арбын, көркөмдүгүнөн да көзүм жеткен күчү ушунда.

Арслан Койчиев аӊгемесинде кыргыз баласы немис арасында кантип жүргөнүн, кандай жүргөнүн, не күн кечиргенин тизмектеп, узун сабак сөз кылбайт. Эрик Мария Ремарктын чыгармаларындагы качкын каармандардын көндөлүк турмушу сымал ийне-жибине чейин сүрөттөлбөйт, баскан-турганы баяндалбайт. Бирок кичинекей сүрөттөмөлөр менен көп нерсе айтылат. Кыргыз экенин чанып, тегин билбей, билсе билгиси келбей, кай бир динге таандык, дин ичинде агымга таандык экенин айтып, бат эле кыргыз болуудан калган пенделердин катары көбөйүүдө. Тегин сурасаӊ бабасын койдум, өз атасын айтпай, өзү кошулган уюшма топтун анабашын атагандар пайда болду.

30 жыл ичинде биз ырыстуу тарбия, жарактуу билим бере албаган, камгак сымал тамырсыз муундун улуттук иденттүүлүгү түйшөлтө турган оор проблема. Бала жытын жыттабай жигит бойдон согушка кетип, ошол күндөн ушул күн бөтөн элде жүргөн кыргыз улуттук иденттүүлүгүн жоготподу. Кандай сезим, кай күч ага кыргыз экенин өжөрлөнө эсине салып, улам кайра ата конушун, туулган жерин эстетип келди. Жоолашам деп келген элдин арасында өзү сымал жашап калган, айда-жылда гана көрүшкөн дагы бир бечара кыргыздан башка эне тилинде сүйлөшкөн кандашы жок абышка кыргыздыгын койбоптур. Мекени аны чанган менен ал мекенине куса.

Жигит кезиндеги ашыгына арнаган, кыргызча өзү гана өзүнө гана окуган төрт сап махабат ыры эле эмес ко. Төрт сап ыр айтып бүткүс кусалык күүсү, сагыныч ыры, аяк-башы жок армандыр. Башынан өтпөгөн биз үчүн төрт сап ыр, өзү үчүн өтөлгөсү белгисиз, наркы күмөн өмүр дастаны чыгар.

Алмаз КУЛМАТОВ, мамлекеттик жана коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн