АКШда миграциялык көзөмөл күчөгөндүктөн Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.
Мекеме билдирүүсүндө жарандарды массалык иш-чараларга, каршылык акцияларына катышпоого чакырган.
"Ким экениңерди тастыктаган документтер дайыма жаныңарда болсун. Миграциялык макамдын жарактуулугун жана уруксат берүүчү документтердин мөөнөтүн көзөмөлдөп тургула. Миграциялык органдар менен байланышканда сабырдуулукту сактап, документтерге котормосуз жана мазмунун түшүнбөй туруп кол койбогула. Зарыл болгон учурда жактоочуга кайрылгыла", — деп эскерткен дипломаттар.
Ошондой эле ыкчам байланышуу үчүн төмөнкү номерлер сунушталган:
- Кыргызстандын АКШдагы элчилиги (Вашингтон): +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-2924
- Чикагодогу башкы консулдук: +1 (312) 994-24-16, +1 (312) 929-34-42
Электрондук почта жана сайт: [email protected], [email protected].
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн