Тогуздун айы 15, 2025
Убакыт: 16:27
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.100
1.130

Өзгөндө 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

15.10.2025 10:21
29
Өзгөндө 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады


Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Күн мурун президенттин өкүлү Элчибек Жантаев Өзгөн районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында курулуп бүткөн жаңы мектеп жеринен таанышып чыкты.


Эки кабаттуу заманбап мектеп 275 орунга ылайыкталып, бардык талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалган. Мектепте спорт зал да каралган.


Билим уясы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушка жалпысынан 160 млн сом жумшалган. Мектеп жакынкы күндөрү толук пайдаланууга берилери пландалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн