Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:25
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Акылбек Жапаров жетектеген делегация Вашингтонго барды

15.04.2024 17:27
155
Акылбек Жапаров жетектеген делегация Вашингтонго барды


Министрлер кабинетинин иөрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышуу үчүн Вашингтонго (АКШ) келди.

Жумушчу сапарынын алкагында Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, USAID, Америка-Кыргыз соода палатасы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы сыяктуу эл аралык каржы институттарынын жана уюмдардын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Тараптардын талкуусунун негизги темасы гидроэнергетика тармагын өнүктүрүү, атап айтканда Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоору, ошондой эле экономикалык перспективалар жана климаттын өзгөрүүсү маселелери, ошондой эле «Полярдык жылдыз» мектебинин билим берүү трансформациясы программасын илгерилетүү болмокчу.

Мындан тышкары дүйнөлүк алдыңкы финансылык жана технологиялык корпорациялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн