Аяк оона 16, 2025
Убакыт: 14:54
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.045
1.080

Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер көбөйөт

16.09.2025 12:57
20
Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер көбөйөт


Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорт менен жүргөн жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана шаар ичиндеги жол кыймылын жакшыртуу максатында өзүнчө автобус тилкелерин уюштурууну улантууну пландаштырууда.


Мэриядан билдиришкендей, учурда төмөнкү көчөлөрдө атайын тилкелерди ачуу маселеси каралууда:


  • Ю. Абдрахманов көчөсү (Байтик баатыр көчөсүнүн уландысы) — А. Токомбаев көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейин;
  • Жибек жолу проспекти — Лермонтов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • И. Ахунбаев көчөсү — 7-Апрель көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейин;
  • Чүй проспекти — Лермонтов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
  • 7-Апрель көчөсү — Жибек жолу проспектинен А. Токомбаев көчөсүнө чейин;
  • Дэн Сяопин проспекти — Фучик көчөсүнөн Б. Алыкулов көчөсүнө чейин.


Маалыматта белгиленгендей, бул тилкелер коомдук транспорттун ылдамдыгын жогорулатып, тейлөөнүн сапатын жакшыртууга жана шаар тургундарынын жолго кетирген убактысын кыскартууга өбөлгө түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн