Аяк оона 16, 2025
Убакыт: 14:24
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.045
1.080

Жогорку Кеңештин төрагасы Тажикстандын президенти менен жолукту

16.09.2025 12:55
23
Жогорку Кеңештин төрагасы Тажикстандын президенти менен жолукту


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.


Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду. 


Алгач төрага Нурланбек Тургунбек уулу Эмомали Рахмонго президент Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирип: "Эки өлкө башчыларынын эки тараптуу мамлекеттик сапарлары жакын коңшулук жана достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзүп, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө да көмөкчү болууда. Бүгүнкү менин расмий сапарым мунун анык далили. Эми эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдары жетишилген келишимдерди колдоого алып, ийгиликтүү ишке ашуусуна жардам беришибиз кажет", – деди. 


Ошондой эле эки президенттин саясий эркинин аркасында чек ара маселеси чечилгенин баса белгилеген төрага: “Бул кадам коңшу эки мамлекеттин эле эмес, чөлкөмдөгү туруктуулукту камсыздоого да чоң түрткү берди. Биз мындан ары бардык багыттагы алакаларды арттырып, экономикалык багыттагы өнөктөштүктү өрчүтүбүүз зарыл. Анткени, соода жүгүртүүнүн көлөмүн 500 млн долларга жеткирүү жаатындагы максатыбызды тез арада ишке ашырып, кызматташтыкты кеңейте алсак, эки өлкөнүн тең өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн болобуз. Айрыкча Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин дарбазасы катары Тажикстандын ири рынокко чыгауусуна көмөк көрсөтүүгө даяр”, – деп кошумчалады. 


Өз кезегинде президент Эмомали Рахмон да Тажикстан калыптанган тарыхый алакаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, Кыргызстан менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдирди. 


Анын ичинен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү учур талабы экенин айткан Эмомали Рахмон аталган тармакта алгылыктуу иштерди жүргүзүү керектигине токтолду. 


Муну менен катар парламенттер аралык диалог өнөктөштүктүн негизги өзөгүн түзөрүн белгилеп: "Сиздин расмий сапарыңыз кыргыз-тажик алакасын жаңы деңгээлге чыгарат деген ишеничтемин", – деди президент. 


Мындан тышкары, тараптар маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, экологиялык демилгелерди биргелешип ишке ашыруу жаатында да ой бөлүштү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн