Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 22:17
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Дайырбек Орунбеков: Тамчыда шамалга кулаган дубалды курган фирма калыбына келтирет

20.03.2023 08:38
246
Дайырбек Орунбеков: Тамчыда шамалга кулаган дубалды курган фирма калыбына келтирет

Ысык-Көл облусундагы аэропорттун кулап калган тосмо дубалын подрядчы фирма калыбына келтирет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымына караганда, "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун айланасын королоо боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөн.


"2023-жылдын 18-март күнү Ысык-Көл облусунун аймагында жүргөн катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек участоктогу дубалы урап калган. Тосмо дубалдын кулап калышы боюнча, подрядчы фирма чыгымды өз мойнуна алат жана кайра калыбына келтирет.


Калган аралыктагы дубал талапка ылайык бетондолгон. Учурда ураган дубалды тазалоо, ордун ирээтке келтирүү жана кайра тургузууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.


Тосмо дубалдын сапаты боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы өткөрүп алуу учурунда дыкат текшерүү жүргүзүп, талапка жооп берсе гана кабыл аларын белгилейбиз", - деди ал.


Белгилей кетсек, 18-мартта кечинде катуу шамалдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Тамчы айыл аймагында жайгашкан "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун тосмо дубалы кулаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн