Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын төртүнчү күнү кыз-келиндер күрөшү менен уланат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бүгүн кыз-келиндер 50 кг, 57 кг, 65 кг жана 76 кг салмактык категорияларда күч сынашат. Кыргызстандын атынан 76 кг салмак ченинде Айпери Медет кызы килемге чыгат.
Айпери Медет кызы беттешти 1/8 финалдан баштап, түркиялык Элмира Ясин менен таймашат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн