Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ирандын президенти жаңы учкучсуз учуучу аппаратын көрсөттү (видео)

22.08.2023 16:17
1694
Ирандын президенти жаңы учкучсуз учуучу аппаратын көрсөттү (видео)


Ирандын президенти Эбрахим Раиси 7 километр бийиктикте жана 2000 километр аралыкта сутка бою тынымсыз уча ала турган Mohajer-10 учкучсуз учуучу аппаратын көрсөттү, деп билдирет Fars агенттиги.


«Коргонуу өнөр жай күнүнө карата Сейед Эбрахим Раиси өлкөнүн өнөр жайынын бул тармагындагы акыркы жетишкендиктеринин көргөзмөсүн текшерүү учурунда максималдуу учуу узактыгы 24 саатты түзгөн Mohajer-10 учкучсуз учуучу аппаратын тартуулады. 7000 метр бийиктикте жана 2000 километр аралыкта учат», - деп айтылат билдирүүдө.


Агенттиктин маалыматы боюнча, бул аппараттын максималдуу күйүүчү май сыйымдуулугу 450 литр, жүктүн максималдуу салмагы 300 килограмм, ал эми максималдуу ылдамдыгы саатына 210 чакырымды түзөт. Mohajer-10 ар кандай үлгүдөгү ок-дарыларды, Ghaem жана Almas бомбаларын алып жүрүүгө жөндөмдүү жана радиоэлектрондук жана чалгындоо системалары менен жабдылган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн