Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:27
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Марлен Маматалиев: "Жаңы салынган үйлөр жер титирөөгө туруштук берери арсар"

10.02.2023 10:11
6317
Марлен Маматалиев: "Жаңы салынган үйлөр жер титирөөгө туруштук берери арсар"


- Марлен мырза, сиз бүгүн акыркы он жылда курулган жаңы тамдардын сапатын текшерип чыгууну сунуштадыңыз. Чын эле соңку кездерде курулуп жаткан тамдардын баары сапаттуу, жер титирөөгө туруштук берет (!) деп айтыш кыйын...


- Биз учурунда депутаттык комиссия түзгөн элек, бирок ал үйлөрдүн мыйзамдуу, же мыйзамсыз курулганын гана караган комиссия болчу. Бүгүн эми биз сунуш киргизип, үйлөрдүн сапатын да карамай болдук. Өзгөчө түштүк магистралынын үстү жагындагы тектоникалык очокко жакын жерде жайгашкан үйлөрдү карап чыгабыз. Союз учурда “тектоникалык очокко 700 метр калганга чейин курулбасын” деген чечим бар болчу. 12-кичирайондогу 40 үй тектоникалык очокко жакын болгон үчүн астына жер титирегенде сыйгалана турган резина жаздыкчаларды коюп, Япониянын технологиясын колдонуп курулган. Бирок, эгемендик алган соң түштүк магистралынын түндүк жагына четинен кичирайондорду куруп баштадык. Ошондуктан, “алар бүгүнкү күндө коопсуздук талаптарына жооп береби же жооп бербейби?” деген маселе турат. Мен бир жолу сураганымда “арматуралардын санын гана көбөйттүк” деген жооп болду. Ал 8-9 баллга чыдаарын эч ким текшерген жок. Ошон үчүн биз комиссияны “жаңы салынган үйлөрдүн, өзгөчө түштүк магистралы жактагы тамдардын долбоорун, сапатын карап чыксын” деген дагы бир пункт менен бекитип берели деп атабыз. Менин угушум боюнча, айрым дефицит арматуралар, мисалы, он экинчи арматура жок болгондугуна байланыштуу анын ордуна онунчу арматураны коюп коюшат. М350 маркасындагы бетонду пайдаланчу жерлерге М250, М200 маркасындагы бетонду пайдаланган учурларды билем. Ал жерде канчалаган кишилер жашап жатышат. Кудай сактасын, эртең жер титиресе урап калышы мүмкүн экенин Түркиядагы кырсык көрсөттү. Биз да каркас үйлөрдү ошолордон үйрөнүп куруп жатпайбызбы.


- Ал тамдарда азыр миңдеген кишилер жашап жаташат да. Эгер сапатсыз экени аныкталса кандай болот?


- Биздин максат – ошол күмөндүү үйлөрдү жок дегенде бекемдөө. Мисалы, колоннанын сапаты начар болуп калса, анын төрт тарабын калың темир менен ороп, бекемдейт. Мен өзүм андайды жасап көргөм.


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн