Аяк оона 10, 2025
Убакыт: 20:28
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.030
1.065

Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына барды

30.11.2023 19:33
573
Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына барды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда, иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) барды.


Мамлекет башчысынын борту "Аль-Мактум" эл аралык аэропортуна конду.


Президент Садыр Жапаровду БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл аль Мазруэй тосуп алды.


Эскерте кетсек, Мамлекет башчысы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат, ошондой эле БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн