Бугу 06, 2025
Убакыт: 22:05
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Президент Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо жөнүндө мыйзамга кол койду

13.12.2023 17:04
395
Президент Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо жөнүндө мыйзамга кол койду


Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” КРнын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам Сауд өнүктүрүү фонду 30 млн АКШ доллары (112 500 000 сауд риалы) өлчөмүндө бере турган Кредиттик макулдашууну ратификациялайт.

Финансылык каражаттар “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км” долбоорун каржылоого багытталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн