Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Россиядан кыргызстандыктарды кайтарууну убадалаган популисттер пайда болду, - Элчи

20.04.2020 09:32
1018
Россиядан кыргызстандыктарды кайтарууну убадалаган популисттер пайда болду, - Элчи


Кыргызстанда, Россияда коронавируска байланыштуу абалдын курчушунан пайдаланып, Элчилик жарандарды мекенине алып кетүү боюнча тизме түзүп, автобус, учак уюштуруп жаткандыгы тууралуу жалган маалымат тараткандар пайда болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.


Мындан улам Элчилик жарандарды жалган маалыматтардан алыс болууга жана чагымчылдардын аракеттерге ишенбөөгө чакырды. “Айрым чагымчылдар Россиядагы эмгек мигранттарын колдоп аткандай көрүнгүсү келип, Кыргызстанга алып кетүү боюнча популисттик убадаларды жана билдирүүлөрдү таратып жатат”, - деди элчи.


Жакынкы убакта КР жарандары үчүн чартердик рейс уюштурулат, кээ бирлеринин Новосибирск шаарынан учуп келүү боюнча билеттери бар. Учурда бул маселе Россия бийлиги менен Бишкектин ортосунда каралып жатат.


Элчиликтин маалыматы боюнча, мекемеге күн сайын 400-500 жаран жардам сурап кайрылышат. Элчиликтин алдындагы штаб кыргыз диаспоралары жана волонтерлор менен бирге келип түшкөн суроо-талаптарды карап, биринчи муктаждыктагы азык-түлүк, убактылуу жашоого жай, медициналык жардамдар жана башка жардамдар боюнча кеңеш берүү иштери жүргүзүлүп жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн