Бугу 13, 2025
Убакыт: 22:43
USD
87.30
87.80
EUR
96.80
97.80
RUB
1.060
1.100

Россиянын Мамдумасы төрт күндүк иш жумасына өтүүгө уруксат берди

13.05.2025 17:07
34
Россиянын Мамдумасы төрт күндүк иш жумасына өтүүгө уруксат берди


Россиянын Мамлекеттик Думасы төрт күндүк иш жумасына өтүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Россиянын ЛДПР партиясынын депутаты Ярослав Нилов РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирген. 


Анын айтымында, бул аралыктан иштөөнү кеңири колдонуунун, ошондой эле инновациялык технологиялык чечимдерди ишке киргизүүнүн аркасында мүмкүн болууда. 


“Убакыттын өтүшү менен биз төрт күндүк иш жумасына өтөбүз. Бирок, бул акырындык менен ишке ашырылат”, - деп белгилеген эл өкүлү. 


Эске салсак, аталган демилге Россияда 2019-жылдан бери талкууланып келе жатат. Анда маселени эмгек министри Максим Топилин көтөргөн. Сунуш коомчулукта кеңири резонанс жаратып, бирок регламентке киргизилген эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн