Бештин айы 10, 2024
Убакыт: 10:32
USD
86.65
87.15
EUR
91.10
92.10
RUB
0.855
0.900

Стамбул шаарынын мэри Кыргызстанга келет

29.11.2024 12:38
122
Стамбул шаарынын мэри Кыргызстанга келет


Стамбул шаарына жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди, өзгөчө аймактык деңгээлде чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Боордош шаарлардын мамилелери боюнча колдогу келишимдин алкагында Ош жана Стамбул шаарларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Руслан Казакбаев ошондой эле Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин жетекчилиги астында экономиканы чыңдоого жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган реформалар тууралуу маалымат берди.

Соңунда элчи Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигеновдун шаарга иш сапары менен келүү боюнча расмий чакыруу катын тапшырды. Өз кезегинде Экрем Имамоглу чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, 2025-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга, анын ичинде Ош жана Бишкек шаарларына келүү ниетин билдирди. Иш сапар экономикалык жана маданий ири иш-чаралар менен коштолору пландалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн