Заманыбыздын атактуу жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмери, чебер дипломаты Султан Раевдин ысымын элибиздин интеллигенттеринин жана окурмандарынын арасында кеңири тааныштырып отуруунун зарылдыгы жок.
Баарыбызга белгилүү, жалпы адамзаттык жазуучу, атактуу коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов ар кайсы жылдарда «Правда» гезитинде, «Иностранная литература» журналында иштеген. Кыргызстан жазуучулар союзунун жана Кыргызстан киночулар союзунун өнүгүшүнө өлчөөсүз салым кошкон. Республиканын жана мурдагы союздун парламент депутаты катары активдүү иштерди жүргүзгөн. Адегенде СССРдин, кийин Кыргыз Республикасынын Люксембург, Бельгия мамлекеттериндеги элчиси болуп эмгектенген. 1995-2008-жылдары башкы резиденциясы Ташкентте жайгашкан Борбор Азия элдеринин маданият ассамблеясы президенти кызматын аткарган. «Ысык-Көл форуму» деп аталган дүйнөлүк интеллектуалдардын эл аралык тынчтык кыймылын негиздеген.
Султан Раевдин өмүр жолуна дыкат үңүлсөк, улуу устатынын жолун жолдоп, анын чыгармачылык жана жалпы ишмердүүлүк жумуштарын татыктуу улантып келе жаткандыгын, эң негизгиси, эки тарапта тең чоң ийгиликтерди жаратып жатканын белгилөөгө болот. Ушул мааниден алганда, Чыңгыз Айтматов шакиртинин калеминен жаралган «Ханышанын көз жашы» китебине жазган баш сөзүндө кыргыз адабиятына жаңы, эркин ой жүгүрткөн, ишенимдүү добуш менен үн салган жаш жазуучу келе жатканын белгилеп, өзүнө мүнөздүү алдын ала айтып, көрөгөчтүк кылган экен да.
Султан Раев устатынын изинен барып, бүгүнкү күндө дүйнөлүк деңгээлде таанылган жазуучу, атактуу дипломат катары майданга чыкты. Анын идеялык-көркөмдүк жактан жогору турган ондогон китептери дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде басылды, чыгармалары англис, француз, орус, венгер, кытай, украин, түрк, казак, азербейжан, өзбек, татар жана башка тилдерге которулуп, эл аралык маданий чөйрөлөрдө кеңири сөздөргө арзыды, бул болсо, албетте, жалпы түрк адабияттары үчүн чоң жеңиш болуп эсептелет.
***
Албетте, эми ушундай жалпы пикирлерден соң Султан Раевдин чыгармалары боюнча кыскача болсо да ой жүгүртүү, анын роман, пьеса жана аңгемелери калтырган таасирлер тууралуу урматтуу окурмандарыбыз менен жеке пикирлерибизди бөлүшкөнүбүз ылайыктуудай.
Ой-пикирибизди адегенде колуңуздагы китептен орун алган «Манас атанын урпагы» (кыргызча түп нускасы «Профессор, Шукшин, Манас» деп аталат) аңгемесинин баштасак.
«Ирсалаттын денеси күндөн-күнгө оорлошуп, боюндагы баланын айы да жакындашып калды. Эки-үч күндүн ары-берисинде толгоосу кармап, көз жарып калышы да ажеп эмес. Күнү жакындаган сайын акыркы экзаменин ойлосо ичкени ирим, жегени желим. Төрөттөн да ошол акыркы экзаменин жөндөп алса, көңүлү жайланып, бейкам жүрмөк эле...».
Аңгеме ушундай башталат жана ушул сүйлөмдөр менен эле окуучунун бүтүндөй көңүлүн өзүнө буруп алат. «Ал эмне болгон экзамен экен?» деген түпөйүл суроо окурмандын тынчын алат.
Чыгарманын каарманы – бүгүн-эртең көз жара турган студент келин окуу жайындагы экзаменден өтүү үчүн неге мынчалык күйүнүп жатат? Акыры перзентти жарык дүйнөгө алып келүү – эң оор экзамен го, аркы дүйнөнүн эшигине барып келүү менен барабар го? Ал үчүн болсо... «Айы жетип, капыс толгоосу кармап калса болду да. Шуга дейре аракеттенип чуркап жүрүп, кош кат болсо да, анысына карабай эле эл катары убарасы бөөдө акталбай, бүт баары кумга түкүргөндөй эле болбойбу».
Бул «кургур экзамен» кандай балакет да, кандай азап, каарманыбыз үчүн ал төрөттөн да түйшүктүү иш болуп атпайбы. Мунун албетте, себеби бар. «Эптеп эле акыркысынан өтүп кетсе болгону. Стипендияга да илешип алар эле. Күйөөсү экөө жаңыдан турмуш баштап, кыйналып-кысталып, эптеп-септеп дегендей оокатын кылдыратып жатканда анын стипендиясы да бир чекесин жылытмак булардын».
«Денесин анатомия сабагынан көрсөтмө курал кылып коё» тургандай күйөөсү да анын түйшүгүн кошо тартышат. Жолдошу «Меш жагып, күл чыгарып, айтор, байкуш оту менен кирип, күлү менен чыгат». Ал да келинчегимдин эсинде калса деген үмүт менен ысык чекесинен тер чыгарып, эртең боло турган экзаменге – «Манас» дастанын үн чыгара кыраатын келтире окуйт:
«...Эбин чагын журт күтүп,
Эл көрө элек экенбиз.
Эрегишип урушуп,
Эр көрө элек экенбиз.
Ала мөңгү тоо ашып,
Тоо көрө элек экенбиз...»
Мындай караганда ушундай, түнү менен күйөөсү китеп окуган, аялы аны угуп отурган – эртең менен «күн аркан бою көтөрүлүп калса да, куштун уясындай болгон ижарасында (анысы да шаардын бир четиндеги чолок көчөдө) эки жаш жубай бут серппей уктап жатты. Сааттын шыңгыраганын экөө тең укпады. Алдырарда жаздырар болуп Ирсалаттын экзаменден кечиккени гана жетишпей жаткан. Экзамен башталар сегиздин болгону качан? Мына эми жанараакта катуу чырылдаган сааттын жебеси туптуура он мүнөтү кем онду көрсөтүп туру».
Каарманыбыз шашып көчөгө чыкты, кош кат эмеспи, майпаңдап, аюу жүрүшкө салып араң басып баратты, эптеп автобуска жетиши керек. Ошондой акыбалда кетип атып, дагы шайтанынын шыбырын угат, «профессор Өмүралиев болсо эле он бирге жетпей бүтүрүп коёр. Ар бирөөсүн бир сааттан сурабаса, ал киши “экзамен алдым” дебейт. Каткан нандан кыл сууругандай байкуш студеттерди эзе берет, эзе берет». Ушинтип өзүн тынчтандырып да коёт, кабатырлыгын да билдирет.
Ирсалат экзамендин бүтөрүнө араң үлгүрдү, акыркы студентти сурап аткан экен. Ачуулуу профессордун наалышынан соң экзамен билетин колго алды. «Манас» эпосу – баатырдык эпос» деген суроого көзү түшөрү менен жүрөгү ордунан ыргып кеткендей болду. «Эми иш тамам. Түндөсү күйөөсү окуп бергенден мээсинде бир бүдүр жок. Күйөөсү бапылдап эле үй менен бир болуп окуп жаткан. Андан эми эмне калды дейсиң?».
«Конкреттүүрөөк айт, кызым, - деди профессор. «Ирсалат бу сөзү калп экендигин билсе да, ушу калп сөзү аркылуу өзүн өз элинин жанынан жаралган эпосту окубаган адамдын катарына кошкусу келбеди. – «Окуган эмесмин» десе профессор эмне дейт. А баарынан уяттуу эмеспи. – Окугам агай».
«Профессор болсо Ирсалаттын эпосту окубагандыгын көзүнөн баамдап турду. Окуса шыр эле кетпейт беле? Мындайлардын далайын көрбөдүбү профессор».
Профессор ордунан турат, студенттин жообун угумуш болуп атып ойго чөмүлө түштү: «Манасты да ушуга окшогон кыргыз кызы төрөсө керек» деди ал. – «Ушундай жөнөкөй аял төрөсө керек. Төрөп коюшуп өздөрү билбейт».
Бирок «Манасты» билбей калуу кечиримсиз, кечиримсиз». Ичиндеги нааразылыгын тилинен чыгарды, «окубапсың, кызым, окубапсың», деди кейиштүү.
Ирсалаттын тили сүйлөөгө келбейт, уялгандан эки бети кызарып кетти: «Окудум эле, агай... Эсимден чыгып жатат». Ал актаныш үчүн дагы бир нерселерди айтмак болду эле, ушу саам ичиндеги ымыркай кыбырап, сол жагына түйүлүп туруп алды. Ичин катуу бураган олдоксон кыймыл денесин сыздатты. Боюндагы ымыркай да апасынын калп сөзүн байкап койдубу, айтор, анын бу олдоксон тыбырчылашы ичин сыдырып, алтымыш тамырын чыңалта тартты. Ирсалаттын денеси сыздай түштү. Ирсалат боюндагы ымыркайдын кыймылын профессорго билдирбешке аракеттенди эле, бирок тырыша калган бет териси билдирип койду.
– «Манасты» окубаганыңар уят, кызым. – Профессор ордунан ачуулуу турду. – Өз элиңердин ушундай чыгармасын окубаганыңар уят!.. Манас деген биздин ата-тегибиз, басып өткөн жолубуз, каныбыз, жаныбыз. Кыргыз ошо Манастан таркаган, эгер билсеңер. А силерчи? Ал тууралуу эки ооз сөз билбейсиңер. Уят! Уят! – профессордун кашы бир башкача серпилип, кабагы сүрдүү тартты. – Шунтип бүгүн Манасты окубасаңар, эртең аны эстен чыгарсаңар, бүрсүгүнү өзүңөрдүн кайдан жаралып, кайдан келгениңерди да билбей калат экенсиңер да. Туурабы? Мунуң жарабайт, оку, кызым, оку, - деди да Ирсалаттын столдун үстүндө жаткан зачёткасын колуна берди. – Ме, кызым, оку, окуп кел...»
Мына ушул жерде каармандын негизги дүйнөсүн, ички ызасын тышка чыгарган бир саптар келет.
Ирсалат зачеткасын колуна алды да турган жеринен тура берерде өзүнүн оорлошуп баратканын чындап сезди. Зачеткасын караса актай экен. Ирсалат профессорго өзүнүн кош каттыгын, окуганга чолосу тийбей жүргөндүгүн, ай сайын кырк сомдон төлөп, бир кемпирдин ижарасында жашап жатышкандыгын, азыр баа албай калса стипендияга жетпей каларын айтайын деди. Бирок, мунун баардыгын эмне үчүн айтыш керек? Эптеп эле баа алыш үчүнбү? Болгондо да такыр окубаган, билбеген «Манасты» окуган экен, билет экен (!) деп профессор Ирсалатка баа коюп берсинби? Койсун дейли бааны, аны аяган эч ким жок. Анан стипендияга да жетет, баарына жетет, андан кийин болду да! Ирсалат өзү жакшы билет го. Өмүр бою Манасты окубайт. Баа алгандан кийин аны окуп зарылбы?
– Кызым, - профессор айтор, минтти. – Ке, зачеткаңды, төрөгөнү калыпсың, коюп берейин. Аман-эсен төрөп алсаң окуурсуң...
– Жо... агай, окуп келип, анан тапшырам, - деди Ирсалат аудиториядан чыгып баратып.
Профессор да Ирсалаттын сөзүн туура кабыл алгандай унчукпай туруп калды. Ал өз сөзүн ичинде кайталады: «Манасты» да ушуга окшогон кыргыз кызы төрөсө керек».
Ко-ош, кийинчи, кийин эмне болот? Турмуштук окуя жана турмуштук принцип айкалышкан ушул аңгеме кандай жыйынтыкка келет? Туула элек наристенин абалы кандай болот? Бүгүнкү замандаштарыбыз өз элинин руханий баалуулуктары менен кандай байланышат? Бул суроолорго эң жакшысы, «Манас атанын урпагы» аңгемесин окуп, урматтуу китеп окурмандары өздөрү жооп тапканы туура.
«Пикирдин тактыгы ойдун тактыгын жаратат» дейт француз жазуучусу Гюстав Флобер. Мен Султан Раевдин чыгармаларын ар качан көңүл коюу менен окуган сайын, анын ойлорунун тунуктугуна жана пикирлеринин тактыгына күбө боломун. Негизи, жазуучунун чеберчилиги да ушунда – окурмандын көңүлүн чыгарманын башталышынан тартып, акыркы чекитине чейин мына ушундай ой-пикирдин тереңдигин кармап, чыңалтып алып барышында.
Жазуучунун мыкты аңгемелеринин бири – «Аптанын бешинчи күнү» ушундай башталат:
«Түн ортосу ооп калган... Бу күнгө жума. Калың түшкөн тумандан аркан байлам аралык көрүнбөйт. Бешимден карай леп-леп жааган кыламак кар кызыл ашыктан өтүп тоң тиштеген кара жерди сүткө жуугандай агартты...
Атчабым алыстан эле иттердин үргөнүн эшитип, бейтааныш айылга жакын калганын болжоду. Улам калың карды малтап, көк муштум колун оозуна тосуп, ысык демине жылытат. Түрмөдөн чыкканы оңдуу күн көрбөдү такыр... өзөгү карайып, курсагында жел жок. Канча күндөн бери наар тата элек. Эки жумадай шаарда жүрүп, түрмөдөн көрбөгөн машакатты ошерден көрдү. Өң тааныш адамы болсо не? Баары чоочун. Көрүнгөн эле кишиден тыйын-тыпыр сураганга бети чыдабады. Тилемчиликти кыртышы асты жактырбайт. Андан көрө уурдаган оокат адал ага. Көнгөн адатка салып, далдаа жерден бирөөнү жылаңачтап кетсе ким “кой” демек аны. Корккон жөнү непаада колго түшүп калбаса. Анда иши тамам. Ошол себеп айбар көздөн оолак болгусу келет. Башпаанек табуу шаарда оголе кыйын. Түнкүсүн темир жол вокзалына түнөп, эптеп ылаасын таап жүрдү. Бу турмуш ага адеп өөн учурады. Көнбөгөндөй туюм сезилип, өзүн бу турмушка өгөйсүндү. Устара мизин көрбөгөн сакал-муруту түксүйүп, денеси беш күндөн бери тер жыттанат. Тиши саргарып, оозунда ит өлөт...»
Мына ушундай аргасыз абалда калган каармандын кийинки тагдыры эмне болот? Камактан чыгып келген киши турмушта эми өзүнүн туура жолун таап кете алабы? Же ишеними кыйраган адамдан бетер жылчыгы көрүнбөгөн кырдаал-шарттар аны дагы да түрмөгө жетелеп барабы?
Автордун оюнда мына ушундай суроолор кызыгуусу жаралган окурманды өз артынан ээрчитип кетет. Муну караң, окуя таптакыр башка нукка бурулуп, авансценада күтүлбөгөн башка каармандар пайда болот.
Султан Раевдин чыгармачылык ишмердүүлүгүнө байкоо салып барсаңыз, ал жараткан адабий космостун масштабдуулугуна, көп түстүүлүгүнө таңкаласыз. Чыгармалардагы окуялар жана алардын чагылдырылышы бири-бирин кайталабайт, бирок алардын тутумдашуу түйүнү бар – ал да болсо идеялык-көркөмдүк максаттын аныктыгы, тактыгы, философиялык рухунун тереңдиги.
***
Жазуучунун 2015-жылы Лондондо орус тилинде басылган «Жаза» («Kara») романы (кыргызча түпнускасы «Жанжаза» деп аталат) да ушундай өзгөчөлүктөрү менен көңүл бурдурат. Бул чыгарма бир канча эл аралык чыгармачыл уюмдар, анын ичинде Борбор Азия «ПЕН-клуб» тарабынан «Жылдын эң жакшы романы» деп жарыяланып, авторго жогорку сыйлыктарды алып келди. Султан Раевдин жыйырма жылдык түйшүктүү чыгармачылык эмгегинин акыбети болгон бул роман мистик-философиялык формасы, каармандардын ички толгонууларынын бөтөнчө терең таасири менен көркөм-эстетикалык өңүттөн алып караганда автор дагы да бийик секиге көтөрүлгөндүгүнө күбө болобуз.
Романдын сюжетине руханий жактан жабыркагандардын (жиндикана) ооруканасынан качып чыккан жети оорунун башынан өткөн окуялары негиз кылып алынган. Алар Ыйык Жерди табуу жана акыр аягы өз күнөөлөрүн жууш үчүн чөл бойлоп машакаттуу жолго чыгышат. Жазуучу бул адамдардын азап-тозокторун, жоготууларга толгон турмуш жолдорун, карама-каршылыктуу мүнөз-кыялдарын жана оор тагдырларын трагедиялуу акыйкаттуулук менен чагылдырат.
Ошол оорулардын айрымдары Ыйык Жер алардын дили жана аң-сезими, кыял-ойлору тазаланган жерде экенин аңдап билишет, башкалары болсо эс-акылынан дагы да ажырап, акыйкат не экенин акыр аягына чейин биле албайт.
Чыгарманын каармандарын табигый нарк-насилдерден көрө алардын биригүү нукталары – Ыйык Жерге жеткире турган жол жана жылан чагып өлүмгө учурашы мүмкүндүгү тууралуу жанына жай бербеген ойлор. Автор туура жолдон адашкан бул күнөөкөрлөрдүн кандай оор кылмыштарга барып, адамдыктан төмөн түшүп кеткенин ачык көрсөтөт, кээде аларга карата дилибизде боор ооруу, жан тартуу сезимдерин да ойготот. Жазуучу рухтун түбөлүктүүлүгүн, жараткандын жазасы, кыямат күнү сурак берүү керектиги, адам табиятындагы Рахман жана Шайтан менен байланыштуу сезимдер, периштелер жана бузгуч күчтөр ортосундагы күрөш көркөм баяндоо менен ишке ашып барат.
Жиндиканадан качып чыккан оорукчандарга жазуучу Император, Таис Афинская, Клеопатра, Лир, Чыңгызхан, Искендер Зулкарнайн сыяктуу ысымдарды берет. Жетинчи өспүрүмдү болсо Козучак деп атайт. Ушул өңүттөн роман каармандары жана алар үчүн негиз болгон тарыхый адамдардын өткөн-кеткендери, күнөө-азаптары өз ара салыштырылгандай болот. Тарыхый окуялардын так чагылдырылышы мистиканын реалдуу көрүнүштөрүнө айландырылат. Автор Ыйык Жер жолундагы оор сыноолор аркылуу каармандарына эң маанилүү нерселерди берип аткандай туюлат. Бирок аларды баары эле аңдап биле бербегенсийт.
Чыгарманы талкуулайт экенбиз, жазуучу чыгармачылык чексиз асманда эркин ой жүгүрткөнүн, биз көнүмүшкө айланткан көркөм-эстетикалык тааныш жолдорду тан албай, өзү иштеп чыккан руханий бийиктиктен туруп, назик, ар тараптуу инсандык туюмдарды чагылдырууда катып калган трафареттерди жана ыкмаларды колдонбойт. Каармандар менен бирге биз да заман жана мекен кеңдиктерин аңдап, алардын арасында аракет кыла баштайбыз. Ушул өңүттөн адамдын ички дүйнөсү ушунчалык сулуу жана пакиза болушу мүмкүн экенин, негизи дүйнөнү мээримдүүлүк жана ак ниеттүүлүк башкарышы туура экендигине ишенич менен карайбыз.
Султан Раев массалык маалымат каражаттарына берген интервьюларынын биринде «Жаза» романы анын бу жарык дүйнөгө көз карашынын көркөм чагылдырылышы экендигин айтканы бар.
Формасы же мазмуну болсун төп келишкен бул көркөм чыгарма роман-притчага мүнөздүү көрүнүштөрдү эстетет. Анда Батыш менен Чыгыштын өзүнө таандык философиялык жана диндик ибараттары, буддисттик идеялар да жанаша, бири-бирине айкалыштырыла чагылдырылат.
Мисалы, китеп соңунда Клеопатра жана Козучак бейтааныш бир карыга – дервишке туш келет. Карыя эртеге жер жүзүндө акыр заман башталып, турмуштун ташталканы чыгышы мүмкүн экенин айтып, алардын колуна бирден эки түп көчөт берет жана аларды ушул чөлгө тигүү керектигин суранат. Бул чыгармадагы соңку деталь ыйык исламий китептердеги «Эртеге кыямат келген күнү да дарак эгип калгыла» деген насаатты эске салат.
Акырында роман окурмандын ички дилинде көпкө чейин өчпөй турган таасирлерди калтырат, анын ой дүйнөсүн инсандыктын маңызы тууралуу ар кандай пикирлер ээлеп алат.
***
Жазуучунун «Топон» романы да «тамсил роман» катары бааланды. Бул чыгарма Швециянын Стокгольм шаарында өткөн эл аралык чыгармачылык конкурста эки жүздөн ашык чыгармалардын арасында башкы сыйлыкка татыктуу деп табылды. Роман негизи «Топон» деп аталса да, биздин оюбузча, «Топондон соң» делсе, мазмунга кыйла ылайыгыраак келип, мазмунду дагы тереңирээк туюндурат беле?
Чыгарманын окуялары ойдон чыгарылгандай, турмушта жоктой бир жерде жана бир заманда өтөт. Ушундай бир доор экен...
Бизге тааныш, айрым убакта жийиркеничтүү жана коркунучтуу, аалам тең салмагын сактап турган көрүнүштөр, туурабы?
Романда беш гана каарман бар: алар жасалма адам илим изилдөө институтунда иштеген профессор Ян Вельмут (ал да маркум), мурдагы дин кызматкери Кхэ, Ман, жасалма эмбриондон төрөлгөн Мандын уулу Этих жана Кхэ менен Мандын өз никесинин жарык дүйнөгө келген кызы Дуна.
Автор Жер бетинде болуп өткөн кыямат топон суу алып келген трагедиядан соң бир кичине аралчада аман калган Кхе, Ман, Этих жана Дунанын турмушу кандай болгонун, ыймандын бузулушу – адамзаттын бузулушу менен барабар экенин кээде катаал, кээде натуралисттик реализм менен ачып көрсөтөт.
Жаратканды эсинен чыгарган, жасалма адам ойлоп таап, эски дүйнөнү балакетке түртүп, ошондон ырахат алган күчтөр Кхени өз каалоосунан баш тартууга мажбур кылмак болушат. Бирок «Чырак отсуз күйбөгөндөй, адам Кудайсыз жашай албайт» деп эсептейт ыймандуу жана эрктүү Кхе.
Жазуучу чексиз кайгы менен жазгандай, «Ошо күнү Жер бетиндеги акыркы дин адамы асылышы керек эле». Мына ушундай жалпы ыйык китептер алдын ала айтып өткөн адамдарга эскертүү коңгуроосу кагылып, Кудайдын өкүмү күчкө кирет – ааламды топон суу каптайт, бүт дүйнө сууга айланат. Бир гана ушул кичинекий үй-бүлө суу каптоодон кутулуп кетет, бирок алардын кийинки турмушу баштан-аяк азап-тозокко жана трагедияга айланат.
Жазуучу алардын алакандай бир пальмадай кургак жерде эмне жеп, эмне ичкенен, эмнелерди кийип, кантип жашаганын, кыскасы, жөнжай жашоосун бизге айтып отурбайт. Бирок, анын пикир-оюн, максатын башка маселе – жалпы адамзаттык чоң проблема ээлеп алганын көрөбүз.
Топонго чейинки доордо «аркы дүйнөдө» жашап, адеп-ахлак, адамгерчилик эмне экенин түшүнгөн Кхе жана Мандан айырмаланып, жасалма эмбрион натыйжасы болгон Этих жана бир жарым жашында бул жерге келип калган Дуна адамдык сапаттардан жана сезимдерден куржалак калган абалда, жапайы, жырткыч айбандар катары чоңойду. Эң эле осол инстинкттердин кулу болгон бул экөө жасаган кылмыш-жоруктарын автор сүрөттөп берген учурларды окуп жатканда, сизде жийиркенүү жана ачуулануу сезимдери сөзсүз пайда болот.
Мындай руханий азаптарга биринчи болуп Ман чыдай албайт... Куду эле айтматовдук «Ак кеме» повестиндеги айыпсыз бала деңизге сүзүп кеткен сыяктуу.
Перзенттерине Кудайды тааныта албаган, бул иштеги баардык аракеттери текке кеткен, жолу жок Кхени чыгарманын финалында асыранды уулу Этих жана өзү тууган кызы Дуна өз колдору менен куду Иисус Христос сыяктуу жыгачка керип байлап өлтүрөт. Ушундай наамартчылык окуяны тамаша кылып турган Этих менен Дунадан жаралган азезил кейпиндеги Мүйүздүү бала болсо...
Романда трагедия жана мыкаачылык толтура. Алар киши рухун эзип, жанчып таштайт. Бирок булар таштай каткан дилдерди жумшартат, кайгыга малынган жүрөктөрдү тазалайт, сокур көздөрдү ача турган бир жарыктык, эстетиканын тили менен айтканда, катарсис алып келет.
«Топон» романы автордун интеллектуал-агартуучулук дүйнөсү канчалык кеңдигин, анын дүйнө тарыхы, адабияты жана философиясы, мифологиясы жана эстетикасы менен куралдангандыгын, идеологиялык жана диний билимдерди терең жана ар тараптуу кабылдоосун, космогоникалык масштабда ой жүргүртө алуусун тастыктаган фактылардан.
Караңыз, кыргыз жазуучусу Султан Раевдин калеминин чыккан текст жана түрк дүйнөсүнүн улуу жана унутулбас аалымы жана акыны, байыркы Хоразм уулу Насируддин Рабгузий жараткан саптар менен маанилеш, руханий жактан окшош жана ушунчалык жакын! Ушул сыяктуу кызыктуу мисалдар биздин – өзбек жана кыргыз калктарынын, баардык түрк элдеринин тарыхый жагдайларыбыз, турмуштук жана жашоо шартыбыз, тагдырыбыз жана келечек жолубуз бирдей экендигин көрсөтөт.
Эл-журтубуз боордош кыргыз элинин Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Калык Акиев сыяктуу даңазалуу манасчы-акындарынын, Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Мурза Гапаров сыяктуу акын жана жазуучуларынын, Болот Бейшеналиев, Болот Шамшиев, Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев, Мар Байжиев сыяктуу кино жана драма өнөрүнүн өкүлдөрүнүн ысымын жакшы билишет. Ааламдык жазуучу Чыңгыз Айтматов болсо алда качан эле өзүбүздүн жазуучуга айланып кеткен. Султан Раев мына ушундай ысымдардын ишин татыктуу улантып келе жаткан чыгармачыл инсан болуп эсептелет.
***
«Күн кармаган бала» повестин автор 27 жашында, 1984-1985-жылдарда жазган. Ушул керемет чыгармада адам баласы наристе, таза бойдон жарык дүйнөгө келип, анан акылы толуп, жашы жогорулаган сайын ички дүйнөсү тарып барышын психо-эмоционалдык өңүттөн анализ кылып берет.
Повесттеги Күн баарыбыз эле билген асмандын жарыткычы эле эмес, ички дүйнөгү Күндүр. Күн нуру баарына барабар тиет, бирок көкүрөктөгү Күн баарына барабарбы, адамдарга бирдей жарыгын чача алабы?! Чыгармада каармандардын мисалында мына ушул суроолорго жооп изделет.
Жазуучунун «Чаң жол», «Ханышанын көз жашы», «Күн кармаган бала», «Аптанын бешинчи күнү», «Таажы», «Жанжаза», «Топон», «Антистандарт» сыяктуу ондон ашык китептеринен орун алган чыгармалары тууралуу да кенен сөз кылууга болот. Бирок биз бул жумушту урматтуу окурмандарбыздын өздөрүнө калтыруу менен чектелебиз.
Султан Раев таланттуу драматург катары да таанымам. Анын «Аял», «Ханышанын көз жашы», «Дубал», «Барсбек», «Оо, кыздар», «Тайамам», «Кашар», «Күн кармаган бала» сыяктуу драмалары дүйнөнүн атактуу театрларынын сахналарында ойнолгон, анын ичинен булардын бир катары Кыргызстан, Иран, Германия, Казакстан, Өзбекстан, Татарстан өлкөлөрүндө өткөзүлгөн эл аралык театр фестивалдарында баш байгени – Гран-прилерди утуп алган.
Көңүл бура турган жагдай, жазуучу дүйнөлүк драматургиянын эң жакшы салттарын терең өздөштүрүү менен чыгармаларын жаңычыл мазмунда жана формада жазат, көркөм-эстетикалык структурасына метафораларды, шарттуулукту кеңири пайдаланууга аракет кылат. Мисалы, анын «Суфлёр» деп аталган драма-новелласында бир гана киши катышат – аял актриса бир эле убакта өзү суфлёр, ошол эле убакта спектаклдин башкы каарманынын образын да жаратат.
Жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган «Экөө», «Шаар» деген көркөм фильмдер да кино сүйүүчүлөрдүн көкүрөгүнөн жай алган.
Султан Раев кыргыз элинин мекенчил перзенти, улуттук азаттык үчүн күрөшүүчү Курманжан датканын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу пьеса жазган жана ушундай эле наамдагы кинофильмдин сценарийин иштеген. Бул чыгармалар да көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынганын айта кетүүбүз керек.
Мындан кырк жыл мурда атактуу акыныбыз Гафур Гулямдын тарыхый эссесинде айтылгандай, «Алай ханышасы» деп таанылган бул энебиз тууралуу «Мынчалык ширинсиң, эй ачуу турмуш!» деген аңгеме жазган жайым бар. Ошон үчүн да мындай «ыңгайсыз» адамдар тууралуу жазуу совет доорунда жазуучу үчүн канчалык опурталдуу экенин өз жонтерим менен сезгем.
***
Бүгүнкү күндө мамлекетибиз Түрк мамлекеттер уюму жана ТҮРКСОЙдун толук кандуу мүчөсү катары алардын ишине активдүү катышып жатат. Ушул уюмдар менен алардын камкордугунда барган сайын көз караштарыбыздын чек араларын кеңейтип, боордош элдердин маданияты менен искусствосу, эң мыкты көркөм чыгармалары менен таанышуу, анан да дүйнөлүк масштабдагы маданий-эстетикалык процесстерге активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Ушул багытта өзбек-кыргыз элдеринин ортосундагы достук жана өз ара маданий-гуманитардык байланыштар барган сайын тереңдеп бара жаткандыгы кубандырат.
Биз урматтуу Султан агабыз менен Ташкент жана Анкарада, Бишкек жана Бакуда, Астана жана Самаркандда, Навои жана Ашхабадда, Чолпон-Ата жана Стамбулда көп жолу учурашып, чоң бир түрк үй-бүлөбүздүн руханий турмушу, анын келечеги, эртеңки күнү ордубузга келе турган жаш муундарды татыктуу тарбиялоо маселелери тууралуу мазмундуу, кызуу талкууларды өткөргөнбүз жана ушундай пайдалуу иш-чаралардын болушун күтүү менен жашайбыз.
Ысымы-фамилияларыбызга карап, «сиз менин чоң атам болосуз» деп тамашалап коём. «Ушундайбы, ээ? Андай болсо, неберем катары мени угуңуз» дейт Султан ака жылмайып жана биргелешип жаңы бир идеяларды ойлоп, жаңы долбоорлорду ортого таштайт. Ушул убакка чейин Султан Раевдин бир катар чыгармалары мамлекетибиздин мезгилдүү басмаларына жарыяланып, окурмандардын көңүл борборунан түнөк таап келген. Мына эми ошол керемет чыгармалар «Сайланма» (кыргызчасы «Тандалма») деген ат менен бир китепке бириктирилип жарык көрүп жатат.
Мен кайталангыс адамдык сезимдердин көшөгөсүн ачып, Жер жүзүн, адамзат дилин руханий топондордон сактап калууга, түпкү баалуулуктарды сактоого чакырган бул китепти таза дилдүү өзбек окурмандарына сунуш кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонум үчүн өзүмдү бактылуу катары эсептейм.
Атактуу жазуучу Султан Раев – Өзбекстан жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсү. Андыктан да көркөм дүйнөсү, гуманисттик идеялары менен элибизге жакын жана сыймыктуу болгон бул чоң сүрөткерди биз өз жазуучубуз катары билебиз жана досубузга, агабызга бекем ден соолук, жаңы-жаңы чыгармачылык ийгиликтерде каалайбыз.
Сөз соңунда жыйнактан орун алган чыгармаларды өзбек тилине берилгендик жана чын ыкласы менен которгон котормочуларга, китепти заманга ылайык мазмун жана кооз дизайн менен жасалгалаган басмаларга, бул чоң иштин баарына баш-көз болуп турган Өзбекстан жазуучулар союзуна өзгөчө ыраазычылык айтышымды адамдык парзым деп эсептейм.
Хайриддин Султан
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (1)