Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сурамжылоо: Экс-президенттердин артыкчылыктарынын алынышын колдойсузбу?

06.12.2022 14:57
2153
Сурамжылоо: Экс-президенттердин артыкчылыктарынын алынышын колдойсузбу?

Бүгүн, 6-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Сунушталган мыйзам долбоору бюджеттик каражатты рационалдуу пайдаланууга багытталган.   

Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоору мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков үчүн дагы иштеши керектигин белгилеп: "2019-жылы Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан атайын ажыратуу үчүн депутаттарга кысым көрсөтүп, мыйзамды кабыл алдырган.
Жашоо - бумеранг. Мыйзам экс-президент Сооронбай Жээнбековго карата да иштесин",- деди.


Сиз КРнын экс-президенттеринин артыкчылыктарынын алынышын колдойсузбу?

Ооба, колдойм! 51 добуш (59.30%)
Мыйзам бузса, артыкчылыктары алынып, жоопко тартылсын! 24 добуш (27.91%)
Жок, каршымын! 11 добуш (12.79%)

Пикирлер (18)

Коопсуздук коду
Мээрим
Сооронбай дух деген барбы сизде? Эмне учун абийиринизди сактабайсыз? Чыгып эле кетинизчи резиденциядан. Экс статусун тапшырып
Турат
Жээнбеков АШАнын арты менен адам болгон. Ал дагы досу менен чогуу жооп берсин
Атом
Соке досун саткан саткын. Октябрда кара башын сактап качып кеткен. Эмнеге ага эми мамлекет кам корушу керек?
Нуржан Султановна
Буга чейинки бир да президент артыкчылыкка татыктуу эмес.
Тимур
АША, Бакиев, Акаев экс статусунан ажыратылышкан. Ошондо бизде Жээнбеков менен эле Отунбаева калат да. Отунбаева Ооганстанда кызматта журот. Сокеге эле кыйын болот экен