Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сурамжылоо: Экс-президенттердин артыкчылыктарынын алынышын колдойсузбу?

06.12.2022 14:57
2152
Сурамжылоо: Экс-президенттердин артыкчылыктарынын алынышын колдойсузбу?

Бүгүн, 6-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Сунушталган мыйзам долбоору бюджеттик каражатты рационалдуу пайдаланууга багытталган.   

Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоору мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков үчүн дагы иштеши керектигин белгилеп: "2019-жылы Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан атайын ажыратуу үчүн депутаттарга кысым көрсөтүп, мыйзамды кабыл алдырган.
Жашоо - бумеранг. Мыйзам экс-президент Сооронбай Жээнбековго карата да иштесин",- деди.


Сиз КРнын экс-президенттеринин артыкчылыктарынын алынышын колдойсузбу?

Ооба, колдойм! 51 добуш (59.30%)
Мыйзам бузса, артыкчылыктары алынып, жоопко тартылсын! 24 добуш (27.91%)
Жок, каршымын! 11 добуш (12.79%)

Пикирлер (18)

Коопсуздук коду
Урмат
Соке кайсы эрдиги учун экс-президент статусун алды эле?
Венера
Жээнбековдун уяты жок экен. Намысы болсо чыгып кетсин резиденциядан. Озунун уйундо жашасын
Азат
Өтө туура
Патриот
Сокени жоопко тартышсын
Тамара
Туп туура Атамбаевдин арты менен адам болуп и адам кылган адамды отоо ыпласчылык менен сатып койду фууууу