Бугу 03, 2025
Убакыт: 15:15
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

ЖК комитети Ысык-Көлдөгү айланма жолду оңдоо үчүн 28 млн кредит алууну колдоду

07.12.2021 09:59
495
ЖК комитети Ысык-Көлдөгү айланма жолду оңдоо үчүн 28 млн кредит алууну колдоду

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети  6-декабрда Ысык-Көлдөгү айланма жолду оңдоо боюнча кредиттик келишимди ратификациялоону колдоду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.


Транспорт министри Эркинбек Осоев Балыкчы - Каракол - Балыкчы унаа жолунун 104-184-чакырымындагы тилкесин реконструкциялоо боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирди.


Анын айтымында, долбоор өлкөнүн негизги стратегиялык программаларына киргизилген.


«Кувейт фонду 28,9 млн доллар өлчөмүндө насыя берет, насыянын мөөнөтү 25 жыл, анын 5 жылы жеңилдетилген. Пайыздык үстөк 2%ды түзөт», - деди министр.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн