Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жээнбеков Тунгучтагы жаңы бала бакча менен таанышты (фоторепортаж)

02.06.2020 09:03
2366
Жээнбеков Тунгучтагы жаңы бала бакча менен таанышты (фоторепортаж)


Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 1-июнда Бишкек шаарынын Октябрь районунун «Тунгуч» кичирайонундагы жаңы бала бакчанын имаратын көрдү.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун маалыматы боюнча, бала бакчада 3 жашка чейинки, кенже, орто жана андан жогору жаштагы балдардын топторуна ылайыкташкан. Бакчада музыкалык окуулар, медициналык кабинет, ашкана жана башкалар үчүн жайлар каралган.

Учурда курулуш иштери, аймакты жашылдандыруу, балдар ойноочу аянтчалар толугу менен бүткөрүлгөн. Зарыл болгон жабдуулар жана мүлк-шаймандар менен толуктоо иштери жүрүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков бала бакчанын эмгек жамааты менен баарлашты. Алардын кесиби өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо процессинде өзгөчө маанилүү экенин белгилөө менен аларга ийгиликтерди жана бакубатчылыкты каалады.

Сүрөттөр президенттин басма сөз кызматынан алынды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн