Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:58
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өзбекстан Кыргызстандагы элчисин алмаштырды

02.06.2020 14:09
1069
Өзбекстан Кыргызстандагы элчисин алмаштырды


Өзбекстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Хуршид Мирзахидов дайындады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары кабарлады.


Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган элчи Бишкекке 30-майда келген. Хуршид Мирзахидов элчилик кызматка келгенге чейин Өзбекстандын маалымат технологиясы жана коммуникацияны өнүктүрүү министри, Улуттук телерадиокорпорациясынын жетекчиси, Транспорт министрлигинин алдындагы автоунаа жолдору комитетинде жетекчинин орун басары сыяктуу кызматтарды аркалаган.


Өзбекстандын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Комил Рашидов өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалганына байланыштуу элчилик кызматтан былтыр күздө кеткен. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн